AUCA the best 2

2024-04-30

Жаңылыктар

Акжол Махмудовдун Токио Олимпиадасындагы атаандаштары аныкталды

Акжол Махмудовдун Токиодогу Олимпиада оюндарындагы бардык атаандаштары белгилүү болду.
 
 8-майда Болгарияда өткөн Күрөш боюнча Дүйнөлүк Квалификациялык Турнирдин алкагында Японияда өтүүчү Оюндарга эки акыркы лицензия тапшырылды. Азербайжандын жана Болгариянын өкүлдөрү алардын ээ болду. 
 
Токиодо грек-рим күрөшү боюнча 77 килограммга чейинки салмакта 16 спортчу күч сынашат. Алдын ала беттештер жана жарым финалдык беттештер 2-августта өтсө, финалдык беттештер жана коло үчүн беттештер 3-августка пландаштырылган.
 Бул салмак категориясы боюнча чүчү кулак 1-августта болот.