AUCA the best 2

2024-04-24

Жаңылыктар

Бишкекте Азия дзюдо бирлигинин конгресси өттү

4-апрелде Бишкек шаарында Азия Дзюдо Бирлигинин кезексиз конгресси болуп өттү. Иш-чарага Азия дзюдо бирлигинин президенти Обайд Аль Анзи, Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев, спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору Жоомарт Шамканов, Азия дзюдо союзуна катышкан өлкөлөрдүн федерацияларынын президенттери катышты.

9258c683-d24c-47a8-b041-57b20116404e.jpg

Конгресстин катышуучулары Биримдиктин иш-аракеттеринин уюштуруу маселелерин, пандемия учурунда мелдештерди өткөрүү жана 6-апрелден 9-апрелге чейин Бишкек шаарында өтө турган дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионаттарына даярдыктын этаптарын талкуулашты. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө спорт директорунун, калыстардын директорунун жана вице-президенттердин отчеттору угулду. Мындан тышкары, Макаодо кадеттер жана жаштар арасындагы Азия чемпионатын жокко чыгаруу чечими кабыл алынды.

Жолдошбек Көлбаев өзүнүн куттуктоо сөзүндө СПАнын Аткаруу Комитетине алдыда боло турган Азия жана Океания чемпионатын Кыргызстанда өткөрүүгө ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Дзюдо Федерациясы биздин өлкө үчүн бул тарыхый окуяны жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын белгиледи.

«Бишкекте өтө турган мелдешке 31 мамлекеттин атынан катышкан 200дөн ашуун спортчу катталды. Бул атаандаштардын көпчүлүгү Токио Олимпиадасына жолдомо алуу үчүн упай топтоо үчүн жан талашып жатышат. Кыргызстандын дзюдо федерациясы Эл аралык дзюдо федерациясынын протоколдоруна таянып, коронавирус пандемиясынын алкагында мелдештерди өткөрүп, дзюдо боюнча укмуштуудай демонстрацияларды камсыз кылуу үчүн ден-соолукка байланыштуу протоколдорду киргизди. Биз чемпионатыбыздын коопсуздугун камсыз кылабыз жана дүйнөгө көптөн күткөн Азия татамисине кайтып келебиз », - деп кошумчалады ал.

Обайд Аль Анзи мырза Жолдошбек Көлбаевди Азия дзюдо союзунун атайын сыйлыгы менен сыйлады.

Булак: sport.gov.kg

abc55d63-c1e8-451b-9f2f-7a5eb684cdf7.jpg