AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Чыныгы чеберлер

Кыргыз Республикасынын Таэквондо Академиясынын үч тарбиялануучусу Дүйнөлүк таэквондо боюнча "Кыргыз Республикасынын спорт чебери" наамына ээ болушту. Бул тууралуу академиянын президенти Убайдула Тохтурбаев билдирди. Таэквондо WT боюнча "Кыргыз Республикасынын спорт чебери" сертификаттары жана төш белгилери Даниел Пак, Илим Дүйшөнов жана Эмилиен Цойго тапшырылды.
 
 1617602959_mastera.jpg
Ошондой эле WT таэквондо боюнча "Биринчи категориядагы спорттун судьясы" үч сертификаты беш жыл аралыгында жергиликтүү жана эл аралык деңгээлдеги мелдештерде калыстык кылуу жана тейлөө жаатында мыкты эмгектерин көрсөткөн Академиянын калыстарына ыйгарылды.
Академиянын президенти Убайдула Тохтурбаев уюмдун бардык мүчөлөрүн спорттук наамдардын жана калыстардын категорияларынын берилиши менен куттуктап, баарына жетишилген натыйжалар менен токтоп калбоосун каалады!