AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

Мамлекеттикте спорттук комплекстин курушулун талкуулашты

29-март күнү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары – Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Шабданбаев ишкер Аскар Салымбеков, Кыргыз Республикасынын хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов жана Улуттук триатлон федерациясынын президенти Чынгыз Алканов менен жолугушту.

2021033011474112.jpg

Жолугушууга ошондой эле Мамагенттиктин директорунун орун басары Самат Токтоналиев катышты.

Тараптар спорттун түрлөрү боюнча курама командалар окуу-машыгуу жыйын өткөрө ала турган спорттук комплекстин курулушун талкуулашты. Аталган спорттук комплексте спортчулардын мелдештерге ийгиликтүү даярдык көрүүсү үчүн бардык керектүү шарттар түзүлмөкчү.

Жеке инвесторлор ата мекендик спортту өнүктүрүү үчүн спорттук объекттерди курууга жана кызматташуунун шарттарын карап чыгууга кызыктар экенин билдиришти.

Булак: Sport.gov.kg