AUCA the best 2

2024-05-07

Жаңылыктар

Бильярд боюнча спорт мектепте «Ачык эшиктер күнү» өттү

Бишкекте Ачык эшиктер күнүнө арналган бильярд спортунун «Эркин пирамида» дисциплинасы боюнча спорт мектебинин ачык биринчилиги өттү.
Ошентип, мелдешке 39 бильярдчы катышты. Ал спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу, балдар жана жаштар арасында бильярд спортун өнүктүрүү, ошондой эле бильярд спорт бөлүмүндө окуучулардын санын көбөйтүү максатында өткөрүлдү.
 
Мелдештин жеңүүчүлөрү:
Абдулла Тагаев – биринчи орун;
Азирет Таштанбеков – экинчи орун;
Улукман Карагулов – үчүнчү орун;
Сыргак Жаналиев – үчүнчү орун.
 
Белгилей кетсек, мелдеш Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментине караштуу бильярд жана велосипед спорту боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби уюштурду.