AUCA the best 2

2024-04-18

Жаңылыктар

Бишкекте өткөн хоккей боюнча эл аралык мелдеште Беларусь клубу жеңишке жетишти

17-сентябрь күнү Бишкекте хоккей боюнча «Алтын шайба» эл аралык турнири аяктады.

Турнирге Беларусь, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан 2010-жылы туулган улан-кыздардан куралган 8 команда катышкан.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча 1-орунду «Динамо» командасы (Минск, Беларусь), 2-орунду «Алма -Ата» командасы (Алматы, Казакстан), 3-орунду «Алга-1» командасы ээледи (Бишкек, Кыргызстан).

Бул турнирдин максаты — Кыргызстандын шайба менен хоккей боюнча балдар жана өспүрүмдөр командасын түзүү, ошондой эле жаш хоккейчилердин чеберчилигин жогорулатуу, ар кайсы шаарлар менен өлкөлөрдүн балдарынын достугун жана жолдоштук мамилелерин чыңдоо болуп эсептелет.