AUCA the best 2

2024-04-24

Жаңылыктар

Бишкекте хоккей боюнча «Алтын шайба» эл аралык турнири өтөт

Бишкекте балдар жана кыздар арасында хоккей боюнча «Алтын шайба» эл аралык мелдеши болот.

Уюштуруучулардын айтымында, турнир 13-18-сентябрда шаардык муз тебүүчү жайда өтөт.

Мелдешке Беларусь, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан 2010-жылы туулган улан-кыздардан турган 8 команда катышат.

Турнирдин максаты — Кыргызстандын хоккей боюнча балдар жана жаштар командасын түзүү.

Командалардын тизмеси:

- «Динамо» (Минск, Беларусь)

- «Хумо» (Ташкент, Өзбекстан)

- «Бинокор» (Ташкент, Өзбекстан)

- «Туран» (Шымкент, Казакстан)

- «Алма-Ата» (Алматы, Казакстан)

- «Нарын шумкарлары» (Кыргызстан)

- «Алга-1» (Бишкек, Кыргызстан)

- «Алга-2» (Бишкек, Кыргызстан)