AUCA the best 2

2024-05-06

Жаңылыктар

«Ысык-Ата падышасы - 2023» веложарышынын жыйынтыгы

Бильярд жана велоспорт боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары «Ысык-Ата падышасы-2023» веложарышында 6 медалга ээ болушту.

Ошентип, жеңүүчүлөр:
 
"Элита" категориясы боюнча:
Маткаримов Мухамед-Али – 1-орун;
Ажмал Ромал – 2-орун;
Оролов Эрлан – 3-орун.
 
Кыздар категориясы боюнча:
Вороная Алла – 1-орун;
Чалова Алимина – 2-орун;
Александрова Екатерина – 3-орун.
 
Веложарыш Бишкек – Ысык -Ата багыты боюнча өттү. Ага жалпысынан 100гө жакын адам катышты. Анын ичинен 11 велоспортчу олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин окуучулары. Спорттук иш-чаранын максаты-массалык велоспортко тартуу жана сергек жашоо образын жайылтуу болуп саналат.