AUCA the best 2

2024-04-29

Жаңылыктар

Жалал-Абадда өспүрүмдөр арасында бокс боюнча облус биринчилиги өтүүдө

Жалал-Абад шаарында 13-14 жашка чейинки балдар арасында бокс боюнча облус биринчилиги өтүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдирет.

Мелдешке өлкө аймагынан келген 50дөй жаш спортчу катышууда. Жеңүүчүлөр облустун атынан өлкө биринчилигине катышууга жолдомо алышат.

Иш-чаранын расмий ачылышына Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, мэриянын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Таласбек Нуралиев катышып, жаш спортчуларга ийгилик каалашты.