AUCA the best 2

2024-05-02

Жаңылыктар

Бокс боюнча жаштар курамасы Азия чемпионатынан кайтып келди

 Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасы Азия чемпионатынан кайтып келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, спортчуларды "Ак-Жол" өткөрмө бекетинен "Ынтымак" олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору Рустам Ниязалиев жана спортчулардын жакындары тосуп алды.

Эскерте кетсек, Астана шаарында (Казакстан) өткөн Азия чемпионатында 71 кг чейинки салмакта Вадим Баурин күмүш медаль, 80 кг чейинки салмакта Мухамед Дурсунов, 86 кг чейинки салмак ченинде Азим Чойбеков жана 92 кг чейинки салмакта Мырзакир Кошалиев 3-орунду ээлешкен.

Ошондой эле кыздар арасында 63 кг чейинки салмакта Айжамал Адылбекова коло медалга ээ болгон.