AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Кыргызстандык мушкер Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште алтын медалга ээ болду

Кыргызстандык мушкер Нурадин Рустамбек уулу Казакстанда өткөн бокс боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүсү аталды.

Галым Жарылгаповдун жаркын элесине арналган эл аралык турнир 17-21-декабрь күндөрү Караганда облусунда өттү.

Кыргызстандык мушкер 71 килограммга чейинки салмак катн күч сынашып, 1-орунду камсыз кылган.

Жалпысынан Кыргызстандын курамасы 6 медаль — 1 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медалга ээ болду.

Карагандада Кыргызстандын курама командасынын курамында башкы машыктыруучу Улан Сагынбаев менен машыктыруучу Кенжебек Мусакуновдун жетекчилиги астында 9 спортчу күч катышкан.

Кыргызстандык мушкерлерлердин жыйынтыгы:

Алтын

71 кг чейин - Нурадин Рустамбек уулу

Күмүш

48 кг чейин - Мирлан Туркбай уулу

71 кг чейин - Сыргак Абдыжапар уулу

63,5 кг чейин - Мирзахид Имамназаров

Коло

63,5 кг чейин - Ихтиёр Нишанов

92 кг чейин - Данияр Орозбеков.