AUCA the best 2

2024-04-19

Жаңылыктар

Бокс боюнча дүйнө чемпиондугу: Кыргызстандыктар беттештерин жыйынтыктады

Кыргызстандын мушкерлери Сербияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында беттештерин жыйынтыктады.

Белграддагы турнирдин алкагында 2-ноябрда 1/4 финал башталып, анда 3 кыргызстандык спортчу беттеш өткөрдү. Бирок үчөө тең атаандаштарына утулуп, медалдар үчүн күрөштөн чыгып калды.

48 кг чейин, 1/4 финал

Мирлан Туркбай уулу - Сахил Алахвердови (Грузия) - 0:5

54 кг чейин, 1/4 финал

Санжар Сейдакматов - Биллал Беннам (Франция) - 0:5

80 кг чейин, 1/4 финал

Өмүрбек Бекжигит уулу - Робби Гонсалес (АКШ) - 0:5