AUCA the best 2

2024-03-28

Жаңылыктар

Дүйнө чемпиондугу: Мирлан Түркбай уулу жарым финалга чыга алган жок

Белградда (Сербия) өтүп жаткан бокс боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык Мирлан Түркбай уулу жарым финалга чыга албай калды.

Ал 30-октябрда 48 килограммга чейинки салмак категориясында 1/8 финалда Армениянын мушкери менен беттешип, аны бир добуштан жеңип алган.

Кечээ 2-ноябрь күнү кыргызстандык спортчу жарым финалга чыгуу үчүн грузин спортчусу менен беттешип, бирок ага жеңилип, медалдар үчүн күрөштөн чыгып калган.

48 кг чейин

1/8 финал

Мирлан Туркбай уулу - Сейран Егикян (Армения) - 5:0

1/4 финал

Мирлан Туркбай уулу - Сахил Алахвердови (Грузия) - 0:5