AUCA the best 2

2024-03-28

Жаңылыктар

Дүйнө чемпиондугу: Бүгүн 3 мушкер чейрек финалга чыгуу үчүн беттешет

Белградда (Сербия) бокс боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат. Мелдештин сегизинчи күнү, 1-ноябрда 1/8 финалдын беттештери өтөт.

Кыргызстандык үч спортчу чейрек финал үчүн рингге чыгат.

Кечээ чейрек финалга эки кыргызстандык — Мирлан Түркбай уулу менен Санжар Сейдакметов чыкты.

Бүгүнкү 1-ноябрь күнү боло турган беттештердин тизмеси:

57 кг чейин, 1/8 финал

Ружакран Жунтронг () - Акылбек Эсенбек уулу

67 кг чейин, 1/8 финал

Вахид Аббасов (Сербия) - Жакшылык Талайбеков

80 кг чейин, 1/8 финал

Богдан Толмачов (Украина) - Өмүрбек Бекжигит уулу