AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

Санжар Сейдакматов дүйнө чемпионатында чейрек финалга чыкты

Кыргызстандык мушкер Санжар Сейдакматов Сербияда өтүп жаткан бокс боюнча дүйнө чемпионатында чейрек финалга чыкты.

Сейдакматов 54 кг салмакта күч сынашып жатат.

Турнирдеги старттык беттеште кыргызстандык спортчу Эквадордун спортчусун утуп, кечээ 31-октябрда 1/8 финалдык беттеште Армениянын өкүлүн калыстардын бир добуштан кабыл алган чечими менен жеңип, чейрек финалга чыкты.

2-ноябрь күнү финалдык беттеште француз мушкерине каршы күрөшөт.

Буга чейин 48 килограммга чейинки салмак ченинде Мирлан Түркбай уулу чейрек финалга чыккан.

54 кг чейин

1/16 финал

Санжар Сейдакматов - Мануэль Чусин (Эквадор) - 4:1

1/8 финал

Вахе Бадалян (Армения) - Санжар Сейдакматов - 0:5

1/4 финал

Санжар Сейдакматов - Биллал Беннам (Франция)