AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Мирлан Түркбай уулу дүйнө чемпионатында чейрек финалга чыкты

Белградда (Сербия) өтүп жаткан бокс боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык Мирлан Түркбай уулу чейрек финалга чыкты.

Кечээ 30-октябрь күнү ал 48 килограммга чейинки салмак категориясында 1/8 финалда Армениянын мушкери менен беттешти.

Ар бири 3 мүнөттөн үч раунддун жыйынтыгында кыргызстандыктар бир добуштан жеңишке жетип, чейрек финалга чыкты.

Эми 2-ноябрда жарым финалга чыгуу үчүн грузин спортчусу менен беттешет.

48 кг чейин

1/8 финал

Мирлан Туркбай уулу - Сейран Егикян (Армения) - 5:0

1/4 финал

Мирлан Туркбай уулу - Сахил Алахвердови (Грузия)