AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

Дүйнө чемпиондугу: Дагы эки мушкер 1/8 финалга чыкты

Белградда (Сербия) өтүп жаткан дүйнө чемпионатында кыргызстандык дагы эки мушкер 1/8 финалга жолдомо алды.

Турнирдин бешинчи мелдеш күнүндө, 29-октябрда 1/16 финалдык беттештер орун алып, Кыргызстандан 4 спортчу рингге чыкты.

Эки кыргызстандык беттеште жеңишке жетип, кийинки раундга өтсө, экөө жеңилип, медалдар үчүн күрөштөн чыгып калды.

Буга чейин Акылбек Эсенбек уулу (57 килограммга чейин), Жакшылык Талайбеков (67 килограммга чейин) жана Эркин Адылбек уулу (86 килограммга чейин) 1/8 финалга чыгышса, Азат Үсөналиев, Жантөрө Ташиев жана Жаркынбек Туратовтор жеңилип калган эле.

29-октябрдагы беттештердин жыйынтыгы:

54 кг чейин, 1/16 финал

Санжар Сейдакматов - Мануэль Чусин (Эквадор) - 4:1

92 кг чейин, 1/16 финал

Хулио Сезар Кастилло Торрес (Эквадор) - Рустам Ырысбек уулу - 5:0

60 кг чейин, 1/16 финал

Максим Жихаров (Украина) - Мунарбек Сейитбек уулу - 0:5

71 кг чейин, 1/16 финал

Нурадин Рустамбек уулу - Арман Дарчинян (Армения) - Дарчиняндын 2-раундда атаандашынын дисквалификациясына байланыштуу жеңиши