AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Дүйнө чемпиондугу: Дагы 2 кыргызстандык мушкер 1/8 финалына чыкты

Сербияда өтүп жаткан бокс боюнча дүйнө чемпионатында дагы эки кыргызстандык боксчу 1/8 финалга жолдомо алды.

Мелдештин бешинчи күнүндө кыргызстандык эки спортчу рингге чыгып, алар 1/16 финалда беттешкен.

Акылбек Эсенбек уулу калыстардын чечими менен атаандашын жеңсе, Жакшылык Талайбеков Иорданиянын өкүлүн жеңип, турнирде экинчи жеңишти камсыздады.

Буга чейин Эркин Адылбек уулу турнирдин 1/8 финалына чыккан эле.

Турнирдин төрт күнүнүн жыйынтыгында Азат Үсөналиев, Жантөрө Ташиев жана Жаркынбек Туратов медаль үчүн күрөштөн чыгып калышкан.

28-октябрдагы беттештердин жыйынтыгы:

57 кг чейин, 1/16 финал

Акылбек Эсенбек уулу - Велико Глигорич (Сербия) - 5:0

67 кг чейин, 1/16 финал

Жакшылык Талайбеков - Обада Мохаммад Мустафа Алькасбех (Иордания) - 4:1