AUCA the best 2

2024-04-19

Жаңылыктар

Дүйнө чемпиондугу: Мушкер Акылбек Эсенбек уулу жеңиш менен баштады

Кыргыз Республикасынын бокс боюнча курама командасы Белград шаарында (Сербия) старт алган бокс боюнча Дүйнө чемпионатына катышып жатат. 

Дүйнө чемпионатына машыктыруучулар Данияр Төлөгөн уулу жана Акыйкат Абаевдин жетекчилиги алдында 12 спортчу катышууда. Мелдеш 25-октябрдан 6-ноябрга чейин уланат.

Беттештин биринчи күнү Жакылык Таалайбеков 1/16 финалга чыкты. Ал эми 26-октябрь 63,5 кг салмак даражада Жантөрө Ташиев, 51 кг салмакта Азат Усеналиев жана 75 кг салмак категориясында Жаркынбек Туратов күч сынашкан.

Ошондой эле 27-октябрь 60 кг салмакта Мунарбек Сейитбек уулу, 71 кг чейинкилер арасында Нурадин Рустамбек уулу, 86 кг салмак категориясында Эркин Адылбек уулу рингге чыккан. 

Ал эми бүгүн 28-октябрь күнү 57 кг салмакта Акылбек Эсенбек уулу, 67 кг салмакта Жакшылык Талайбеков, 29-октябрда 54 кг чейинкилер арасында Санжар Сейдакматов, 92 кг салмак категорияда Рустам Ырысбек уулу жана 30-октябрь 48 кг салмак категогирияда Мирлан Туркбай уулу, 80 кг салмак даражада Омурбек Бекжигит уулу биринчи беттешин өткөрдү. 

Турнирде 57 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргызстандан Акылбек Эсенбек уулу күч сынашып, 1/16 раунддан баштап, калыстар тобунун чечими менен Сербиянын өкүлүн жеңип алды.

57 кг чейин

1/16 финал

Акылбек Эсенбек уулу - Велико Глигорич (Сербия) - 5:0 (29-28, 29-28, 29-28, 29-28, 29-28)