AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

Алексей Федосеев дүйнө чемпионатынан коло медалга ээ болду

Кыргызстандык Алексей Федосеев кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынды. Ушул тапта WAKO версиясынын турнири Италиянын Лидо шаарында өтүп жатат.

Федосеев «лоу-кик» дисциплинасында 63,5 кг чейинки салмак даражасында мелдешип, 3 ирет катары менен жеңишке жетти. Бул жыйынтык жарым финалга жол ачып, 21-октябрда Беларусь спортчусу менен беттешкен. Федосеев биринчи раундда алдыда баратып, бирок жыйынтык 2:1 эсеби менен атаандаштын пайдасына аяктады.

Жыйынтыгында 3-орунга жазылган Федосеев коло медалга ээ болду.