AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Икбол Фозилжанов Италияда өткөн дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды

Кыргызстандык мушкер Икбол Фозилжанов Италияда өтүп жаткан кикбокс боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды

Лидо шаарында (Италия) чоңдор жана чеберлер арасында WAKO боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат. Кыргызстандын атынан 13 спортчу катышууда.

Икбол Фозилжанов K-1 турниринде 63,5 килограммга чейинки салмакта күч сынашат. Ал катары менен үч жеңишке жетип, жарым финалга чейин жетип, 2 -октябрда казакстандык Чыңгызхан Тлемисов менен жолугуп, 2:1 эсебинде жеңишке жеткен. Бүгүн 22-октябрь күнү финалдык беттеште Фозилжанов россиялык Виктор Михайлов менен беттешип, менен жеңилип калды. Жыйынтыгында 2-орунду ээлеп күмүш медаль тагынды.