AUCA the best 2

2024-04-18

Жаңылыктар

UFC мушкери Валентина Шевченко эл аралык World MMA Awards сыйлыгына кайрадан көрсөтүлдү

Кыргызстандык мушкер "Жылдын мушкер айымы" номинациясында ат салышууда. Маалыматка ылайык бул категорияда Шевченконун атаандаштары Маккензи Дерн, Кайла Харрисон, Роуз Намаюнас жана Манон Фиоро болот.

Валентина Шевченко бул сыйлыкка биринчи жолу көрсөтүлүп жаткан жок.  Ал 2020-жылы "Жылдын мушкер айымы" жана "Жылдын эл аралык аренадагы мушкери" категориясында номинант да  болгон.

World MMA Awards сыйлыгы Fighters Only журналы тарабынан 2008-жылы негизделип, ага 22 категория камтылган. Мындан сырткары мыкты мушкерлер эле эмес, элдин эсинде калган нокауттар, беттештер, спорттук залдар, ТВ-программалар жана маалымат агенттиктери тандалып алынат. Жеңүүчүлөр күйөрмандардын добушу менен аныкталып, азырынча иш-чаранын так убактысы белгилене элек.