AUCA the best 2

2024-04-18

Жаңылыктар

Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келет

UFC уюмунун жеңил салмактагы мурунку чемпиону Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келет. Өлкөдө биринчи жолу «Eagle Fighting Championship (EFC)» лигасынын аралаш күрөш боюнча турнири уюштурулат. Бул лига Хабиб Нурмагомедовго тиешелүү.

Андагы негизги беттеш учурдагы чемпион Руслан Яманбаев (Россия) титулун коргоо үчүн Бусурманкул Абдибаит уулу (Кыргызстан) менен өткөргөн беттеш болот деп күтүлүп жатат.

Турнир 3-августта Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда болот.