AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Валентина Шевченко UFC чемпиону наамын бешинчи жолу коргоду

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFCде дагы бир жолу чемпиондук титулун коргоду. 25-апрелде UFC 261 номерлүү турнир болуп,  Шевченко минималдык дивизиянын мурдагы чемпиону бразилиялык Джессика Андраде менен беттешти.

Биринчи турда Шевченко бир нече ийгиликтүү ыкмалар менен үстөмдүк кылган. Экинчи раундда техникалык нокаут менен жеңишке жетишти. Бул Шевченконун чемпиондук курун коргогон бешинчи беттеши.  Шевченко 2018-жылдын декабрь айында Джоанна Джеджейчикти жеңип, флай салмактагы чемпиондук наамга ээ болгон. Андан кийин, ал Жессика Эйз, Лиз Кармуш, Кэтлин Чукагиан жана Дженнифер Майяга каршы күрөштө төрт жолу баш байгени ийгиликтүү коргогон.