AUCA the best 2

2024-04-27

Жаңылыктар

Валентина Шевченко Оштогу күйөрмандары менен жолугат

Кыргызстандык мушкер, UFC чемпиону Валентина Шевченко эртең, 12-декабрь күнү Ош шаарына барат. Бул тууралуу  мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Спортчу Султан Ибраимов атындагы драма театрында күйөрмандары менен жолугары күтүлүүдө. Иш-чара саат 14:30да башталып, 17:00гө чейин уланат.

Белгилей кетсек, Шевченко өзү да Instagram баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасап, Оштун тургундары менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатканын айткан.

Валентина Шевченко мекенине 21-ноябрь күнү келген. Ал буга чейин Бишкекте жана Ысык-Көлдө эс алып жаткан.