AUCA the best 2

2024-04-19

Жаңылыктар

Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы (U-20) Борбордук Азия Чемпионатынын коло медалын жеңип алды

Футбол боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы (U-20) 2021-жылдагы жаштар арасындагы Борбор Азия чемпионатынын коло медалын жеңип алды. Турнир 11-17-июнь күндөрү Душанбе шаарында (Тажикстан) Тажикстан, Өзбекстан, Иран, Афганистан жана Кыргызстандын курама командаларынын катышуусунда өттү.

Кыргызстандын башкы машыктыруучусу Валерий Березовский баштаган кыз-келиндер курама командасы турнирде  3-орунду ээлеп, коло медалдарын ээ болду. Турнирдин жеңүүчүсү Өзбекстандын курама командасы болсо, экинчи орунду Иран командасы багындырды