AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Евро-2021: Италия Түркияны жеңди

Италиянын курама командасы Европа футбол чемпионатынын алгачкы матчында Түркиянын курама командасын жеңди. 

Оюн Римде «Стадио Олимпико» аренасында өтүп, 3:0 эсебинде Италиянын пайдасына аяктады.

Турнирдеги биринчи голду 53-мүнөттө түркиялык коргоочу Мерих Демирал киргизди. Чабуулчу Сиро Иммобил 66-мүнөттө, жарым коргоочу Лоренцо Инсинье 77-мүнөттө гол киргизди.

Римде (Италия) 12-июнга караган түнү Европа футбол чемпионаты башталды.