AUCA the best 2

2024-04-19

Жаңылыктар

Футбол боюнча Кыргыз курама командасы өз тарыхындагы эң ири жеңишке жетишти

Футбол боюнча Кыргыз курама командасы өз тарыхындагы эң ири жеңишке жетишти. 11-июнда 2022-жылдагы Дүйнөлүк Кубоктун тандоо турунда Осакада (Япония) кыргыз командасы Мьянма курама командасы менен беттешип, 8:1 эсебинде жеңишке жетишти. Бул жеңиш Кыргызстандын курама командасы үчүн эң ири жеңиш болду.

Буга чейин эң ири жеңиш ушул эле тандоо оюндарында Мьянма курама командасы менен ойногондо болгон. Биринчи айлампада Бишкекте өткөн беттеште Кыргызстандын курама командасы 7:0 эсебинде жеңишке жеткен.

Кыргызстан курама командасынын ири жеңиштери:

  • 2021-жылдын 11-июну, Осака шаары

Дүйнө чемпионаты, тандоо туру
Мьянма - Кыргызстан — 1:8

  • 2019-жылдын 10-октябры, Бишкек шаары

Дүйнө чемпионаты, тандоо туру
Кыргызстан - Мьянма — 7:0

  • 1997-жылдын 13-июну, Тегеран

Дүйнө чемпионаты, тандоо туру
Мальдив аралдары — Кыргызстан - 0:6

  • 2018-жылдын 22-марты, Корея

Азия Кубогунун тандоо туру
Кыргызстан - Мьянма — 5:1

  • 2003-жылдын 3-декабры, Бишкек шаары

Дүйнө чемпионаты, тандоо туру
Кыргызстан - Пакистан — 4:0