AUCA the best 2

2024-04-27

Жаңылыктар

Футбол: Бүгүн Кыргызстан Монголия менен беттешет

Бүгүн, 7-июнда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Дүйнө биринчилигине тандап алуу оюндарынын алкагында кезектеги беттешин өткөрөт.

Кыргызстан тайпадагы калган оюндарын коронавирус пандемиясына байланыштуу Япониянын Осака шаарында өткөрөт.

Бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө Александр Крестинин баштаган улуттук курама команда Монголиянын футболчулары менен күч сынашат.

Учурда Кыргызстанда 7 упай бар. Тайпада 3-орунду ээлеп турат.

Буга чейин Монголиянын борбору Улан-Батордогу оюнда кыргыз футболчулары 2:1 эсебинде жеңишке жетишкен.

Ошондой эле бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 16:30да Кыргызстандын тайпасындагы Япония менен Тажикстандын футболчулары дагы күч сынашат.