AUCA the best 2

2024-05-04

Жаңылыктар

Кыргыз футболчулары эл аралык турнирде күмүш байге утушту

Дүйшөмбү шаарында өткөн CAFA Girls U-14 Championship эл аралык турниринде Кыргызстандын курама командасы экинчи орунду ээледи. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзу билдирди.

Турнир Иран, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын өспүрүмдөр командаларынын катышуусунда өттү.

Турнирде Кыргызстандын курама командасынын футболчулары Иран (1:1) жана Тажикстан (0:0) курама командалары менен беттешип, ошондой эле Өзбекстандан келген атаандаштарын 3:2 эсебинде утуп алышты. Ошентип, турнирдин жыйынтыгында Гүлбара Уматалиева жетектеген команда күмүш медалдарга ээ болушту.

Жыйынтыгында:

1-орун – Иран  (7 упай)

2-орун – Кыргызстан (5 упай)

3-орун – Өзбекстан (3 упай)

4-орун – Тажикстан (1 упай)