AUCA the best 2

2024-04-29

Жаңылыктар

Кыргызстандын курама командасы Бахрейнге 0:2 эсебинде утулуп калды

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Бахрейндеги машыгуу сборунда алгачкы жолдоштук беттешин өткөрдү.

12-октябрда Стефан Тарковичтин командасы Манамада Бахрейн курамасы менен беттешти.

Алгачкы 45 мүнөт 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Биринчи таймдын кошумча убактысында Кыргыз курама командасынын дарбазасына пенальти белгиленгени менен атаандашынын соккусун дарбазачы Эржан Токотаев кайтарды.

Экинчи таймда талаа ээлери эки жолу гол киргизип, жеңишти тартып алышты.

15-октябрда кыргызстандыктар Филиппин курамасы менен беттешет.