AUCA the best 2

2024-05-05

Жаңылыктар

Кезектеги “Мурас” мелдеши жыйынтыкталды

Кечээ, 28 майда салтка айланып бараткан футбол боюнча “Мурас” мелдешинин финалдык оюндары болуп өттү. Турнирдин көңүл жубатуучу финалында – 3-орун үчүн беттеште “Президенттин командасы” “Коопсуздук” командасын 7:3 эсеби менен жеңди. Ал эми чемпиондукка “Ден-соолук” командасы ээ болду. 

 “Мурас-2023түн” байгэ ээлери :

1-орун – “Ден-соолук” командасы;

2-орун – “Спорттук федерациялар”;

3-орун – “Президенттин командасы”;     

4 орун – “Коопсуздук” командасы.

Жеке номинациялар боюнча сыйлыктарга төмөнкү оюнчулар ээ болушту:

Мыкты оюнчу – Алмаз Акун (“Спорттук Федерациялар”)

Мыкты бомбардир – Садыр Жапаров (“Президенттин командасы”)

Мыкты дарбазачы – Жолдошбеков Сейит (“Ден-соолук”)

“Мурас” турниринин байге фонду 1 миллион сомду түзөт, ал биринчи төрт орунду ээлеген командалар арасында бөлүштүрүлдү.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтка айланган “Мурас” достук турнири 27-майда башталып, ага 16 команда катышты.