AUCA the best 2

2024-04-19

Жаңылыктар

2023 АЗИЯ КУБОГУ: ТАНДАП АЛУУ ОЮНДАРЫНА ЧҮЧКУЛАК ТАРТУУНУН ДАТАСЫН ЖАРЫЯЛАДЫ

Азия футбол Конфедерациясы 2023-жылкы Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын тайпалык раундуна чүчүкулак тартуунун датасын белгилүү болду. Кыргызстандын Улуттук курамасы 2022-жылдын 24-февраль күнү тайпа боюнча атаандаштарын аныкталат. Чүчүкулак үчүн кутучалар ФИФА рейтинги жаңылангандан кийин түзүлөт.


Белгилей кетсек, тандап алуу оюндарынын тайпалык раунду 2022-жылы 8-11- 14-июнь күндөрү борборлошкон форматта өтөт. Чүчүкулак тартуунун жыйынтыгы боюнча, төрт командадан турган алты тайпа түзүлөт.

2023 Азия Кубогунунун финалдык раундуна 11 команда чыгат – алардын ичинде тайпанын сап башында орун алган командалар жана мыкты көрсөткүч менен экинчи орунду ээлеген беш курама.

Финалдык бөлүккө чыгуу үчүн 24 өлкөнүн улуттук курамалары ат салышат: Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Мьянма, Гонконг, Йемен, Ооганстан, Иордания, Бахрейн, Кувейт, Түркмөнстан, Малайзия, Мальдивы, Сингапур, Непал, Монголия, Бангладеш, Шри-Ланка, Индонезия и Камбоджа, Палестина, Индия, Таиланд, Филиппины.

-