AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Дүйнө биринчилиги (U-23): Бекболот Мырзаназар уулу күмүш медаль тагынды

Кыргызстандык балбан Бекболот Мырзаназар уулу күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси болду.

Белградда (Сербия) 23 жашка чейинки спортчулар арасында күрөш боюнча турнир өтүүдө.

Бекболот Мырназар уулу жарым финалда беларусиялык спортчу Дмитрий Шамеланды 10:0 эсебинде жеңип алган эле. Финалдык беттеште ал азербайжандык Алиаббас Рзазаде менен кез келген. Жыйынтыгында 6:6 эсебинде аяктаган. Упайлардын сапаты боюнча азербайжандык жеңүүчү деп табылды.