AUCA the best 2

2024-04-19

Жаңылыктар

Дүйнө биринчилиги (U-23): Айпери Медет кызы алтын медаль тагынды

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы 23 жашка чейинкилер (U23) арасында өтүп жаткан дүйнө биринчилигинде кыз-келиндер күрөшү боюнча алтын медаль тагынды.

Айпери бул мелдеште азырынча Кыргызстандан алтын медаль тагынган алгачкы жана жалгыз спортчу болууда. 

Ал 76 килограмм салмак категориясында ат салышкан кыргыздын балбан кызы колумбиялык Татьяна Рентиераны финалда 3:1 эсебинде жеңди.

Ал мелдеште жүрүшүндө жалпы төрт беттеш өткөргөн. Балбан кыз квалификациялык жана чейрек финалдык беттештердеги атаандаштарын далысын жерге тийгизип, мөөнөтүнөн мурда таза жеңишти камсыздаган. Ал эми жарым финалда АКШлык спортчуну 8:0 эсебинде жеңген эле.

Кечээ кыздар командасынын дагы бир өкүлү Назира Марсбек кызы мелдешке чыгып, ийгилик жарата албан жок 

23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат. Бүгүн эркин күрөш боюнча мелдештер башталды. Буга чейин грек-рим спортунун чеберлери ат салышкан. Анда Кыргызстандан барган балбандар байгелүү орундарга жете алган жок.