AUCA the best 2

2024-04-23

Жаңылыктар

Дүйнө биринчилиги (U-23): Айпери Медет кызы финалда

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер (U23) арасындагы дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.

Медет кызы 76 кг салмак категориясында күч сынашкан. Балбан кыз жарым финалда АКШлык Кайли Велкер менен беттешип, 8:0 эсебинде таза техникалык артыкчылык менен жеңишке жетишти.

Эми мелдештин финалында казакстандык Дилназ Милкунова же Татьяна Рентиера менен беттешет. Финалдык мелдеш эртең 4-ноябрда болот.

Айпери Медет кызы финалга чейин Экватор жана Индия спортчуларын жеңген.