AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

Бишкекте кыз-келиндер күрөшү үчүн машыгуу залы курулат

Бишкек шаарында кыз-келиндер күрөшү менен машыгуу үчүн спорттук зал курууга жер тилкеси бөлүндү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. 

Мындай чечимди президент спортчуларды колдоо жана шыктандыруу, спортту өнүктүрүү максатында кабыл алган.

«Мамлекет башчысынын тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында Министрлер Кабинети дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматтын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган чаралардын комплексин иштеп чыгууда» — деп айтылат маалыматта.

Быйыл Кыргызстандын балбандары эл аралык мелдештерде жогорку спорттук натыйжаларга жетишишкен. Алардын арасында байгелүү орундарга ээ болуп, кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команда өзгөчөлөндү.

Өкмөт жакынкы арада аталган объектинин курулушун баштоону убадалады. Спорттук залды бардык шарттары менен куруу пландалып жатат.