AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

Дүйнө чемпиондугуна бара турган грек-рим күрөшү боюнча курама команда белгилүү болду

23 жашка чейинки спортчулар арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионатына катышуучу Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын курамы аныкталды.

Турнир 1-7-ноябрда Белградда (Сербия) өтөт.

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын эсебинен Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын курамында 6 спортчу, ошондой эле эки машыктыруучу дүйнө чемпиондугуна барат. Ошондой эле, курамга турнирге башка каражаттардын эсебинен бара турган спортчулар кириши мүмкүн.

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы (Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дирекциянын эсебинен):

55 кг чейин — Акыйкат Гүлжигит уулу

60 кг чейин — Нурмухамед Абдуллаев

67 кг чейин — Марлен Асыкеев

77 кг чейин — Акылбек Талантбеков

82 кг чейин — Бексултан Назарбаев

87 кг чейин — Азат Салидинов

Башкы машыктыруучу — Азат Эркимбаев

Улук машыктыруучу — Арсен Эралиев