AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Дүйнө чемпиондугу: Эркин күрөш: (U-23) боюнча Кыргызстандын курама командасынын тизмеси

23 жашка чейинки спортчулар арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионатына катышуучу Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын курамы аныкталды.

Турнир 1-7-ноябрь күндөрү Белградда (Сербия) өтөт.

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын эсебинен эркин күрөш боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын курамында 5 спортчу жана эки машыктыруучу дүйнө чемпиондугуна барат. Мындан сырткары курамга турнирге башка каражаттардын эсебинен бара турган спортчулар кириши мүмкүн.

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасы (спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын эсебинен):

57 кг чейин— Бекболот Мырзаназар уулу

61 кг чейин — Тайырбек Жумашбек уулу

65 кг чейин — Айбек Токтогул уулу

70 кг чейин — Эрназар Акматалиев

86 кг чейин — Нуртилек Карыпбаев

Башкы машыктыруучу — Руслан Мажинов

Улук машыктыруучу — Исламбек Тазабеков