AUCA the best 2

2024-04-19

Жаңылыктар

Чынарбек Изабеков ардагерлер арасындагы дүйнө чемпиондугунда алтын медалга тагынды

Кыргызстандык спортчу Чынарбек Изабеков күрөш боюнча Грецияда өткөн дүйнө чемпионатынын алтын медаль тагынды.

Ал бүгүн 20-октябрда 51-55 жашка чейинки спортчулар арасында 100 кг салмакта катышкан. Жалпысынан бул категорияда 4 спортчу күч сынашып өз ара күрөшүштү.

Биринчи раундда Изабеков ирандык Фарзад Хосейн Хелали менен беттешип, 8: 4 эсебинде жеңишке жетсе, экинчисинде америкалык Эрик Отис Хинклини 8: 0 эсебинде эрте жеңип алды.

Финалдык беттеште Изабеков буга чейинки эки беттешинде да жеңишке жеткен польшалык Адам Чойнаскиге каршы күрөшкөн.

Чечүүчү жолугушууда кыргызстандык 5: 0 эсебинде утуп, дүйнө чемпиону болду.

Буга чейин Талант Бегалиев дагы дүйнө чемпиону болсо, Сааданбек Ниязов коло медалга ээ болгон.