AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Балбан Жоламан Шаршенбеков дүйнөлүк рейтингде 13-орундан, 3-орунга көтөрүлдү

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков дүйнөлүк рейтингде 3-орунга чыкты.

Жаңыланган рейтинг Норвегияда өткөн дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн.

Осло шаарында өткөн турнирде кыргызстандык балбан 60 кг салмакта күч сынашып, финалга чейин жетип, күмүш медалга ээ болгон эле.

Бул жыйынтык кыргыз спортчусуна 40 упай топтоп, дүйнөлүк рейтингде 13-орундан 3-орунга көтөрүлүүгө мүмкүндүк берген.