AUCA the best 2

2024-05-06

Жаңылыктар

Бишкекте велосезондун жабылышы болот

Бишкек шаарында 29-октябрда саат 10:00дө Дайыр Асанов атындагы сейил багында веложүрүш старт алат. Муниципалитеттен билдиришкендей, веложүрүшкө каттоо саат 09:00дөн 09:45ке чейин жүргүзүлөт. Веложүрүштүн катышуучулары ошол эле жерде марага чыгышат.

Спорттук иш-чараны Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти жана «Вело friends позитив kg» коомдук бирикмеси уюштурууда.

Белгилей кетсек, жол жүрүү маршруту төмөндөгү схема боюнча жабылат.