AUCA the best 2

2024-05-06

Жаңылыктар

Бишкекте “Мектеп лигасынын” ачылышы болду

Бишкекте “Мектеп лигасынын” ачылышы болду. Ачылышка мектеп окуучулары, шаар тургундары, вице-мэр Виктория Мозгачева, Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин директору Жоомарт Шамканов катышты.

Иш-чара сергек жашоого үндөө, балдарды жана өспүрүмдөрдү дене тарбия жана спортко массалык түрдө тартуу, өсүп келе жаткан муундун сергек жашоо образын сактоо максатында уюштурулду.

Ачылыш аземине мектеп окуучулары, дене тарбия мугалимдери, спорт инструкторлору жана облустук билим берүү борборлорунун өкүлдөрү катышты.

Ачылышка Бишкек шаарынын Свердлов, Биринчи май, Октябрь жана Ленин райондорунун орто мектептеринин жана гимназияларынын окуучуларынын арасынан облустук жана шаардык мелдештердин жеңүүчүлөрү чакырылган.

Спорттук иш-чаранын ачылышы концерттик программа жана жаш каратэчилердин, гимнасттардын көрсөтмөлүү оюндары менен коштолду.

«Мектеп лигасы» программасынын алкагында спорттун 12 түрү боюнча мелдеш өткөрүлүп, анда Бишкек шаарындагы 100дөн ашык орто мектеп, гимназия жана жеке менчик мектептерден жалпысынан 15 миңден ашуун окуучу катышат.