AUCA the best 2

2024-05-06

Жаңылыктар

Бишкекте Республикалык күзгү кросс өтөт

Эртең, 21-октябрда Бишкекте Республикалык күзгү жеңил атлетикалык кросс өтөт.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, чуркоо Карагач токоюнда өтүп, ага жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары, жогорку окуу жайлардын жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринин студенттери катышат.

Убактысы:

10:00 - окуучу кыздар;

10:30 - окуучу балдар;

11:00 — орто кесиптик билим берүү мекемелеринин окуучулары - кыздар;

11.30 — орто кесиптик билим берүү мекемелеринин окуучулары - уландар;

12:00 — жогорку окуу жайларынын студенттери - кыздар;

12.30 — жогорку окуу жайларынын студенттери - жигиттер.

Иш-чара “Жаштык” спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулууда.