AUCA the best 2

2024-05-06

Жаңылыктар

Таэквондо академиясынын беш студенти спорт чеберине талапкер болушту

КРдин Таэквондо академиясынын 5 студентине олимпиадалык таэквондо боюнча “Кыргыз Республикасынын спорт чеберине талапкер” наамы ыйгарылды. Бул тууралуу аталган академиянын президенти Убайдула Тохтурбаев билдирди.

Кыргызстандын 2020-2024-жылдарга бирдиктүү спорттук классификациясынын талаптарынын аткарылышынын негизинде – Артур Боромбаев, Темирлан Айтуваров, Алмагүл Артыкбаева, Умар Турсуналиев жана Доминика Чернецкая спорттук сыйлыктарга ээ болушту.

Таэквондо академиясынын президенти Убайдула Тохтурбаев спортчуларды спорттук наамдардын ыйгарылышы менен чын жүрөктөн куттуктап, келечекте спорт чеберинин нормативин аткарууга ийгиликтерди каалады.