AUCA the best 2

2024-05-06

Жаңылыктар

Бишкекте муз тебүү аянтчасы ачылды

Бүгүн, 18-октябрда "Локомотив" спорттук ден соолукту чыңдоочу комплексинде муз аянтчасынын кыш мезгилине карата салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иул иш-чарага "Кыргыз темир жолу" МИнин жетекчилиги, балдар жана ата-энелер катышты.

Учурда балдар жана чоңдор үчүн көркөм муз тебүү, хоккей, футбол, бий жана башка секциялар ачык.

"Локомотив" муз аянтчасынын техникалык заманбап жабдыктары жаңыланып, оңдоп түзөөдөн өткөрүлдү. Муз аянтча 2022-жылдын декабрь айында ачылып, беш ай иштеген. Муз аянтча быйыл эки ай эрте ачылды, мындан ары кардарлардан суроо-талап болсо аянтчада жыл бою муз тебүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Дареги: Бишкек шаары, Осмонов көч., 1. Байланыш тел. 0312-92-74-00, 0508 444 822, 0555 444 822.