AUCA the best 2

2024-05-03

Жаңылыктар

Кыргызстандын ок атуу боюнча курама командасы 4 медаль утту

Кыргызстандын ок атуу боюнча курама командасы эл аралык турнирде 4 медаль утуп алды.

Турнир 10-17-октябрь күндөрү болуп, ага 4 мамлекет катышты: Казакстан, Кыргызстан, Россия, Өзбекстан.

Аскат Токмоков ПП-60 көнүгүү боюнча биринчи орунду ээледи.

Жаштар арасында пневматикалык тапанчадан ок атуу боюнча машыгууда Имандос Бектенов (376 упай) жана Кайыргүл Кубанычбекова (370 упай) 2-орунга ээ болушту.

Александр Кошелев командалык MIX көнүгүүсүндө экинчи орунду ээледи.