AUCA the best 2

2024-05-02

Жаңылыктар

Cпортчу Эрлан Шеров олимпиадалык рейтингде 5-орунга көтөрүлдү

Жаңыланган рейтинг Азия оюндарынын жыйынтыгы боюнча түзүлүп, анда рейтингдик упайлар да берилген.

Шеров 90 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1-орунду ээлеп, Азия оюндарында кыргыз дзюдосунун тарыхында алгачкы алтынды утуп алды.

Бул жыйынтык ага кошумча 700 рейтингдик упай алууга мүмкүнчүлүк берди.

Азыр Шеровдун эсебинде 2707 упай жана 5-орун бар. Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарына лицензия утуп алуу үчүн 2024-жылдын апрелине чейин өз салмак категориясы боюнча ТОП-20да ордун сактап калышы керек.

Учурда Кубанычбек Айбек уулу (66 килограммга чейин) менен Асад Массабиров (81 килограммга чейин) лицензия алуу үчүн арыз жазышууда.