AUCA the best 2

2024-05-06

Жаңылыктар

Кыргыздын улуттук оюну. Бишкекте Ордо боюнча мастер-класс өттү

Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментине караштуу спорттун улуттук жана стол үстүндөгү түрлөрү боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде «Ачык эшиктер күнү» өттү.
Ошентип, машыктыруучулар Бакдөөлөт Бакиров, Талант Раимбердиев, Ракат Молдалиев жана Жумабек уулу Элдиярдын жетекчилиги астында Ордо оюну боюнча мастер-класс өткөрүлдү.
 
Спорттук иш-чарага 18 адам катышты. Конокторго мектептин окуу программасы, ошондой эле Ордо оюнунун тарыхы жана эрежелери тууралуу айтып беришти.
 
Маалымдама: Ордо оюну кыргыздын эң кеңири тараган оюндарынын бири болуп, байыркы замандан бери бизге жеткен. «Ордо» – «Хандын ордосу, хан сарайы» дегенди билдирет.