AUCA the best 2

2024-03-28

Жаңылыктар

Жалал-Абаддын самбо мектеби – Кыргызстанда №1

Өткөн аптада самбо боюнча Кыргызстандын кезектеги чемпионаты болуп өткөн. Анда Жалал-Абаддын күжүрмөн самбо чеберлери триумф жаратышып, жалпы командалык эсепте 1-орунду камсыздашкан. 

Мындай ийгиликтин чоо-жайын сурап, “Динамо Жалал-Абад” самбо клубунун башкы машыктыруучусу Замирбек Раевге кайрылдык. Замирбек Абжапаровичтин айтымында, жалал-абаддык самбо чеберлери 7 салмак категориясынын үчөөсүндө чемпиондукту эч кимге берен эмес.

Быйыл чемпионат өтө бийик деңгээлде өттү. Анткени быйыл Азия оюндарынын өтүүсү күтүлүп жаткандыктан, мелдеш өлкөбүздүн бардык мыкты самбо чеберлерин чогултту. Алардын баары чемпион аталып, улуттук курама команданын курамына кошулуп, Азия оюндарына катышууну самашат эмеспи. Андыктан баары мыкты даярдыкта келишиптир, өзгөчө 71 жана 79 килограм салмак категорияларында күрөш айыгышкан мүнөздө жүрдү. Биз 3 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль утуп, жалпы командалык эсепте 1-орунду ээледик. 71 килограммда Замирбек уулу Курманбек, 79 килограммда Идирисов Бектур жана 98 килограммда Керимбеков Бекболсун деген жигиттерибиз чемпион болушту.

ABC самбо2

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, учурда Ош облусунун ИББин жетектеп келген полковник Жеңиш Жоробековго ар тараптуу колдоосу үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Жалал-Абадда самбо жок болчу. Бизде самбону түптөгөн дал ушул киши. Кезинде ал Жалал-Абадда иштеп жүргөндө зал ачып, аны тиешелүү жабдуулар менен камсыздап, машыктыруучуларды чакырып, самбо спортун жолго койгон. Ал бүгүнкү күндө да колдоо көргөзүп келет. Айтор Жеңишбек Мамаюнусович болбосо, Жалал-Абаддан азыркыдай чемпиондор чыкмак эмес. Муну эч ким танбайт жана унутпайт”,- деп баса белгилеп өттү ал.

ABC самбо 3

Өз кезегинде дагы бир белгилей кетчү нерсе, КРнын Самбо федерациясынын президенти Азиз Ибраев быйылкы өлкө чемпиондугун жана андагы спортчулардын чеберчилигин жогору баалап, эмки жылы КРнын биринчилиги Жалал-Абад шаарында өтө турганын билдирди.